Биз менен байланышыңыз

Месси «Барселонадан» кетмей болду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 853 | 0

«Барселона» клубунун легендарлуу оюнчусу, аргентиналык футболчу Лионель Месси “Барселона” клубунан кетүү чечимин кабыл алды. Каталондордун клубу буга байланыштуу шашылыш жыйын өткөрдү.

Буга чейин бир канча спорт басылмалары Мессинин “Барселонадан” кетүүсү тууралуу айың кептерди жаза баштаган. Анда Месси клуб менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтотуу ниетинде экендиги айтылган.

Көп өтпөй бул маалыматты «Барселона» клубу АР басылмасына расмий түрдө тастыктаган. Бирок клуб аргентиналык футболчуну бул оюнан кайтаруу аракетин көрүүдө. Себеби “Барселонанын” капитаны эркин агент катары клубдан кетүүсү алардын кызыкчылыгына каршы келет. Месси клубдан аны эч кандай айыппулсуз чыгаруусун өтүнгөн факс жиберген. Ал эми клуб болсо, эгер Месси келишимди бир тараптуу токтотсо, же башка клубка кете турган болсо 700 млн евро талап кылууну көздөп жатат.

«Барселонанын» экс-футболчусу Карлес Пуйоль Месси тууралуу пикирин билдирип, «Урматтуу Лео. Сени толук колдоймун» деп Твиттер баракчасына жазган. Ошол эле твитке футболчу Луис Суарес кол чапкан быйтыкча менен комментарий калтырган.

Ал арада Каталония президенти дагы Месси менен коштошууга үлгүрдү. “Каталония дайыма сенин үйүң болуп кала берет. Бактылуу ирмемдер жана таң калтырган оюндар үчүн чоң рахмат! Сыйга татыктуу спортчу жана дүйнөдөгү эң улуу футболчу” деп жазган Каталония президенти.

Аргентиналык футболчунун азыр кайсы клубка кетери белгисиз. Айрым инсайдерлер Мессиге “Манчестер Сити” кызыкканын жазган. Ошондой эле Франциянын “ПСЖ”, Италиянын “Интер” жана Англиянын “Челси” клубу да Мессиге көз салып турат. Ал эми Месси өзү жакында эле “Манчестер Ситинин” Инстаграм баракчасына катталган.

Месси «Барселона» клубунун тарбиялануучусу. Ал каталондуктардын клубунда жалпы 731 оюнда майданга түшүп, 634 гол киргизген жана 285 топ чыгарып берген. Анын клуб менен келишими 2021-жылдын жазына чейин түзүлгөн болчу.

Copyright © 2017 Maral FM