Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт, селден абайлаңыз

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 865 | 0

26-27-август күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын абдан катуу жаап, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 26-августта күндүз жана 27-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Айрым жерлерде мөндүр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.

26-27-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM