Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан дүйнөдөгү мыкты мамлекеттердин рейтингине быйыл да кирген жок

Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 717 | 0

Жыл сайын US News & World Report басылмасы дүйнөдөгү эң мыкты мамлекеттердин рейтингин жарыялап турат. Азербайжан, Орусия жана Казакстандан айырмаланып, Кыргызстан дагы бир жолу бул тизмеге киргизилген жок.

Алардын маалыматы боюнча, 2020-жылы Швейцария эң мыкты өлкө болду, ал эми Канада, Япония, Германия жана Австралия мыкты 5 өлкөнүн катарына киришти.

Рейтингдеги өлкөлөр төмөнкү критерийлер менен бааланды:

  • Ишкердикти өнүктүрүү;
  • Туристтер арасында популярдуулугу;
  • Өз жарандарына карата мамиле (адам укуктарын коргоо, экология жана гендердик теңчилик);
  • Маданий таасир;
  • Өнүгүү потенциалы;
  • Тарыхый мурас;
  • Аскердик күч;
  • Жашоо сапаты.

Эскерте кетсек, быйыл Азербайжан рейтингде 70-орундан 61-орунга көтөрүлүп, Казакстанды (66-орунду) ашып өттү. Рейтингде Орусия 23-орунду ээледи. Бардык көрсөткүчтөр менен бирге Орусиядагы бизнес үчүн ачыктык пайызы эң төмөн болду.

Copyright © 2017 Maral FM