Биз менен байланышыңыз

“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабы башталды

Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 745 | 0

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү үчүн курулуш-монтаж иштери башталды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди.

Комитеттин маалыматына ылайык, 21-августта Бишкек шаарынын Алыкулов-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине стационардык аппарат комплексин сыноо режиминде орнотуу башталган. Учурда “Shenzen Sunwin” компаниясы курулушка бардык тийиштүү уруксат кагаздарын алды. “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы жети облус, эки ири шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт. Жалпы 306 аппарат орнотулат.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруучу кытайлык компаниянын маалыматына караганда, иштер айтылган мөөнөттөн кеч башталып жатканына пандемия себеп болгон.

Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда  ишке кирип, март айынан баштап жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган. Жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоо камералары орнотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM