Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун V туру башталды

Кыска кабар | 23 Авг 2020 | 851 | 1

Университеттердеги келишимдик негизде билим ачуу үчүн бош орундарга  абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги жарыялады.

Жалпы республикалык тестиртөөлөгө катышкан абитуриенттер 22-августтан 27-августка чейин ЖОЖдорго тапшыра алат.

22-29-август Бешинчи тур
22-27-август, саат 14:00 Өтүнмөлөрдү берүү
28-29-август, саат 17:00 ЖОЖдо билим алуу ниетин тастыктоо

 

Кабыл алуу онлайн таризинде жүргүзүлөт. Ал үчүн абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg/  сайтында катталышы керек.

Белгилей кетсек, быйыл эпидемиологиялык абалдын кооптуулугуна байланыштуу жогорку окуу жайларга кабыл алуу онлайн түрүндө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM