Биз менен байланышыңыз

ДССУнун башчысы пандемия качан бүтөөрүн айтты

Кыска кабар | 22 Авг 2020 | 439 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясы болжолдуу эки жылга жетпеген убакытта бүтөөрүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине уюмдун башкы мүдүрү Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.

1918-жылы “испан сасык тумоосу” эпидемиясы 2 жылга созулган. Гебрейесус ал эпидемия менен салыштырганда, ДССУнун көптөгөн технологиялары бар экендигин белгиледи.

  • Ири байланыштар менен вирус батыраак жайылып кетет, бирок бизде аны токтотуу технологиясы бар. Ошентип бизде глобалдашуу жана өз ара байланыштын бир кемчилиги болгону менен, технология жактан бир артыкчылыгыбыз бар, — деди уюмдун башчысы.

Эскерте кетсек, 11-мартта ДССУ жаңы коронавирус инфекциясын пандемиясы деп жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM