Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасап, татыктууларды тандагыла

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маек берип, анда алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча үн катты. Өз билдирүүсүндө өлкөдө административдик ресурстарга тоскоол болчу механизмдер толугу менен бар экенин айтып, биринчи кезекте, бул шайлоо процессине болгон коомдук көзөмөл деп билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, демократиялык, ачык шайлоо процессинин өтүшү үчүн зарыл болгон негизги курал – бул коомдук көзөмөл. Бул курал буга чейин колдонулуп келген жана азыр да колдонулуп жатат.

— Бизде жарандык коом ачык экенин баарыбыз билебиз. Шайлоого байкоочулар, өзүн оппозициямын деп эсептеген саясий күчтөр кеңири көзөмөл жүргүзүп келген, буйруса, мындан кийин дагы жүргүзө алат, — дейт президент.

Сооронбай Жээнбеков Боршайкомдун курамындагы ар кыл саясий күчтөрдүн өкүлдөрүнө, жарандык коомго ыктаган мүчөлөрүнө толугу менен ишенерин да айтты. Өлкө башчынын айтуусуна караганда, алар шайлоо процессинин ачык-айкын болушуна толук көзөмөл кылышат.

Ошондой эле, азыркы учурда коомдук көзөмөл күчтүү экенин да кошумчалап өттү. Ошондуктан административдик ресурсту пайдаланып, аны жашырып калуу таптакыр мүмкүн эмес.

— Акыркы эки жылда интернет бардык жерге кирди, айылдарга жетти. Эгерде ошондой колдонсо, көргөн-билгендин баарын чыгарып жатышат. Ошол үчүн административдик ресурсту колдонуп, жашырып калуу, дагы кайталайм, биздин коомдо мүмкүн эмес, — деди Жээнбеков.

Ушуну менен бирге мамлекет башчы шайлоочуларга кайрылып, аларды шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле жасап, татыктууларын гана шайлап алууга үндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM