Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Дары-дармектерди алдын ала камдап алгандар дарыларды туура сакташы керек

Кыска кабар | 21 Авг 2020 | 556 | 0

Дары-дармектерди алдын ала камдап алган жарандар дарыларды туура сакташы зарыл. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.

Ал эгер дарыны туура сактабаса, ал дартка даба болбой, тескерисинче адамдын организмине зыян алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

«Өткөн айдагы кымгуут учурда көптөгөн мекендештерибиздин арасында дары-дармектерди алдын ала камдап алып койгондор бар. Ар бир дары-дармек тиешелүү шарттарда сакталышы керек. Температура шарттары эске алынып, караңгы, кургак жерде сакталышы керек.

Дары-дармектин сактоо шарттарына көңүл буруп койсоңуздар. Мисалы, гепарин дарысын сатып алгандар бар экен. Андай дарыларды сактоо боюнча өзүнчө талаптар бар. Туура эмес сакталган, же мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды колдонсок, ал ден соолукка чоң зыян алып келиши мүмкүн», — деди Үсөнбаев.

Copyright © 2017 Maral FM