Биз менен байланышыңыз

2020-жылдын башында калктын номиналдык кирешеси көбөйгөн

Кыска кабар | 19 Авг 2020 | 338 | 0

2020-жылдын алгачкы үч айында калктын номиналдык акчалай кирешеси 112,4 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын үч айына караганда 4 пайызга көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Калктын акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек ишмердүүлүгү болгон. Ага кирешелердин 71 пайызы туура келген.

«2020-жылдын алгачкы үч айында калктын реалдуу акчалай кирешеси 107,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын үч айына салыштырмалуу 0,3 пайызга азайган», — деп билдирет Статком.

Калктын акчалай кирешелеринин негизги булагы — эмгек акысы болду. Тагыраагы, жалпы кирешенин 71 пайызын эл айлык катары алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM