Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тилиндеги китептерди чыгаруу боюнча үч жүздөн ашык сунуш түштү

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 419 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тилиндеги китептерди басып чыгаруу боюнча сунуштарды кабыл алууну токтотту. Министрликтин маалыматына караганда, социалдык тармактардан жана кат жүзүндө жалпы 300дөн ашуун китептин тизмеси келип түштү.

Кайрылуучулар негизинен маданият өкүлдөрү, акын, жазуучулар, социалдык тармактын колдонуучулары, жеке жарандар, коомдук фонддор, китепканачылар болгон. Алар окуучулардын предметтик китептерин, дүйнөлүк классикаларды, кыргыз тилине которулуп бирок чыкпай калган чыгармаларды, эпос, романдарды, аңгеме жана ыр китептерин басып чыгарууну сунушташкан.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буга чейин кыргыз тилиндеги китептер басып чыгарыларын айтып, социалдык тармак аркылуу сунуш берсе болорун билдирген.

Министрлик жакынкы аралыкта кандай китептер басылып чыга тургандыгын кабарлайт.

Китептерди басып чыгарууга кандай сунуштар түштү?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM