Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет

Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 650 | 0

12-август Кыргызстандын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күн өкмөттүн 2003-жылдагы токтому менен бекитилген.

Бүгүнкү күндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында 14 өндүрүш аймагы, тактап айтканда, наабайканалар, тигүү цехтери, бал өндүрүү, балык өстүрүү, бодо малдарды асыроо, жумуртка менен камсыз кылуу, кирпич жана брусчаткаларды чыгаруучу кичи цехтер иштейт.

Анда соттолгон адамдар иш менен камсыз болуп, былтыр 192 миллион сомдук киреше алынган.

Соттолгондорду тарбиялоо максатында ЖАМКда 6 кесиптик окуу жайда 22 кесип боюнча курстар түзүлгөн. Анда 1700дөн ашык айыпкерлер билим алышат. Бул абактан чыккандан кийин алардын коомго аралашуусуна, иш таап кетүүсүнө шарт түзөт.

Ошондой эле, санариптештирүү жылына карата Мониторинг жана анализ борбору түзүлгөн. 500гө чукул видео-көзөмөл камералары орнотулуп соттолгондор менен кызматкерлердин коопсуздугун жана тартибин жөнгө салууга өбөлгө болууда.

Кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоо үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тарыхында биринчи жолу 50 бейтапка ылайыкталган оорукана ачылды.

СOVID-19 илдетинен улам келип чыккан эпидемиологиялык кырдаалда ЖАМКнын жабык мекемелеринде камакта кармоонун өзгөчө режими киргизилген.

Аталган кызматтын ооруканаларында коронавирустук инфекцияга шектелген адамдарды дарылоо үчүн 230 орундуу атайын палаталар даярдалып, керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

47-мекемедеги борбордук ооруканада жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ооруканасында өпкөнү жасалма дем алдыруучу эки каражат (ИВЛ), ошондой эле 12 даана кычкылтек концентраты, 20 даана пульс өлчөөчү каражат жана 2 даана кычкылтек генератору бар.

Юстиция министрлигинин пенитенциардык тутуму төмөнкүлөрдөн турат:

— Жазык аткаруу тутумунун борбордук аппараты.

— 11 түзөтүү колониялары;

— 1 билим берүү колониясы;

— 6 тергөө изолятору;

— 19 жатак абактары;

— Түзөтүү мекемелерин коргоо, ошондой эле соттолгон жана камакка алынган адамдарды иликтөө бөлүмү жана анын бөлүмдөрү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM