Биз менен байланышыңыз

Беларусиядагы президенттик шайлоо: нааразы болгондор көп

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 398 | 0

Беларус полициясы Минскиде шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирүү үчүн чогулуп жаткан адамдарды кармап кетүүдө. Минск шаарында 10-августтун кечинде кеминде жыйырмадай киши кармалган. Ошондой эле Брест, Гродно сыяктуу бир катар шаарларда да акцияга чогулгандар кармалган учурлар бар экени айтылууда.

9-августта Беларусияда президенттик шайлоо болуп өттү. БШКнын 10-августта тараткан алдын ала маалыматына караганда, Беларусиянын учурдагы президенти Александр Лукашенко 80,23%, Светлана Тихановская 9,90% добуш алды. Калган үч талапкер 2 пайыздан аз добуш алышты.

Бийликте 26 жылдан бери турган учурдагы президент Александр Лукашенконун шайлоого 6-ирет катышып, 80 пайыз добушка ээ болушу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында массалык толкундоону жаратты. Нааразычылык акциясы күч түзүмдөрү менен кагылышууга чейин жетип, жарандарга күч колдонуп кармап кетүү көрүнүшү орун алды.

Минск шаарында болгон нааразычылык акциясында бир адам каза тапты. Бул тууралуу «Весна» адам укугун коргоо борборунун өкүлү Валентин Стефанович маалымдады.

Беларус Ички иштер министрлиги 9-августтагы демонстрация учурунда өлкө боюнча 3 миңдей жаран кармалганын билдирди. Алардын миңге жакыны Минск шаарынан.

Андан сырткары, элүүдөн ашык адам жаракат алган. Ошондой эле, 39 милиция кызматкери жабыркаган.


Нааразычылык менен коштолгон Лукашенконун жеңиши: шайлоону кимдер тааныды?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM