Биз менен байланышыңыз

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 5 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 458 | 0

Бүгүн, 10-августка карата Америка Кошмо Штаттарында коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 5 млн 44 миң  769 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.

Америка Кошмо Штаттары коронавирус жуктургандар жана андан каза болгон адамдардын саны боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат. Пандемия башталгандан бери 162 миң 838 адам коронавирустан каза болуп, 1,6 млн бейтап айыкты. Оору жуктургандардын көбү Калифорния (555,7 миң адам), Флорида (526, 5 миң адам), Техас (498 миң адам) жана Нью-Йоркто (420 миң адам) катталды.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө 19,7 миллиондон ашык адам коронавирус жуктурду. Бейтаптардын көбү — Америка, Бразилия (3 млн) жана Индияда (2,1 млн).

Copyright © 2017 Maral FM