Connect with us

Узарбек Жылкыбаев депутат болууну чечти

Кыска кабар | 8 Авг 2020 | 950 | 0

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Узарбек Жылкыбаев мындан аркы саясий ишмердүүлүгүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көргөнүн, парламенттик шайлоого катышарын жарыялады.

Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп 2018-жылдын 25-июлунда дайындалган. Ал ага чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматын жетектеп келе жаткан. Кийин президенттин аймактык ротациялоо саясатына байланыштуу Ош облусуна которулган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүУ.К. Жылкыбаевдин кайрылуусуУрматтуу…

Опубликовано Бектеналы Абдырахмановым Суббота, 8 августа 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM