Биз менен байланышыңыз

Бейруттагы жарылуудан каза тапкандардын саны 149 кишиге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 420 | 0

Ливандын Бейрут портундагы жарылуудан каза болгондордун саны 149 адамга жетти. Бул тууралуу Lorient-Le Jour өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып билдирди.

Министрликтин пикиринде, урандыларды тазалап, куткаруу-издөө иштери уланып жаткандыктан курмандыктардын жана жараат алгандардын саны көбөйүшү мүмкүн.

Эске салсак, 4-август күнү кечинде Ливандын борбору Бейрут шаарындагы портто 2 750 тонна аммиак селитрасы жарылган. Тергөө жарылуу ширетүү иштери маалындагы шалаакылыктан улам келип чыккан деп божомолдоодо.

Жарылуу катуу болгондуктан андан кыйла алыс жайгашкан имараттардын да эшик-терезелери күбүлүп түшкөн. Келтирилген чыгым эң аз дегенде 3 млрд доллар же андан да көп болушу мүмкүн. Маалымат булактары белгилегендей, 300 миң шаар тургуну турак-жайсыз калган.

Copyright © 2017 Maral FM