Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда бала бакчалар ишин улантат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 452 | 0

Өзбекстандын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде (балдар бакчаларында) коронавирус пандемиясынан улам токтотулган иш-чараларды улантууга даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ишин жандандыруу балдарды күндөлүк жашоого кайтарууга, балдар жана кызматкерлер үчүн коопсуз шарттар түзүлгөн шартта ойноп, окууга багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматына ылайык, бардык чектөөчү шарттарды эске алуу менен вирустун жугушу жана жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар киргизилет.

Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Өзбекстандын бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында карантин киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM