Бүгүн, 6-августта Бишкек шаардык сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча мамлекеттик айыптоонун даттануусу каралат.
Бүгүнкү отурумга негизги айыпталуучу — мурунку президент Алмазбек Атамбаев алып келингени айтылууда.
Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаев, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева жана башка бир топ аткаминерлер айыпталууда.
Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратылган.
Ал эми мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева үй камагында калып, 5 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилген.