Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Арсланбап айылындагы турак үйлөрдү сел каптады

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 412 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арсланбап айылында катуу сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары 5-август күнү саат 19:00 чамасында Арсланбап айылында жайгашкан 10 турак үйдүн короолорун каптаган.

Мындан сырткары, 1 сарайдын дубалын бузуп, ички чарбалык унаа жолдун 1000 метрин, Кызыл-Алма сел өтүүчү сайынын 200м аралыгын кум шагылга толтурган. Электр мамычаларына да зыян келтирилген. Адам өмүрүнө коркунуч келтирилген эмес.

ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, Жарандык коргонуу комиссиясы, айыл аймактан 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундар тартылып, сел сууларынын нугун бурушкан. 3 турак үйдүн короолору тазаланган.

Бүгүн, 6-август күнү селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM