Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан дагы 9 адам каза болуп, 549 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 491 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус илдетинен 9 адам каза болду. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, СOVID-19 илдетинен каза болгондор —  Бишкек шаары боюнча  5 учур, Ош облусу – 2, Баткен облусу – 2 учур.

Пандемия башталгандан бери коронавирустан 1447 бейтап көз жумду.

6-августка карата дагы 549 адам коронавирус менен катталды. Алар:

— Бишкек — 162;
Ош – 81;
Чүй облусу – 38;
Ош облусу — 71;
Талас облусу – 36;
Нарын облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 45;
Жалал-Абад облусу – 44;
— Баткен облусу — 60 учур.

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 38 миң 659га жетти.

Акыркы бир сутка ичинде 589 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы сакайгандардын саны 30 миң 99га жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM