Connect with us

Авариялык абалдагы мектептер оңдолот (тизме)

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 711 | 0

Авариялык абалдагы бир нече мектеп жыл аягына чейин оңдолот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал жыл аягына чейин оңдоло турган мектептерди атап өттү:

— Чүй облусунун Москва районундагы Биринчи май мектеби: ал 1931-жылы салынып, бүгүнкү күнү жараксыз болуп калган. Ал жердеги окуучулар пионер лагердин имаратында окуп жатышкан;

— Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя мектеби: 275 орунга эсептелген мектеп ашар жолу менен салынган. Жараксыз болгондон кийин балдар сыртта окуп жатышкан;

— Кочкор районундагы Туз мектеби: окуганга жараксыз болуп калган;

— Нарын районундагы Эмгек-Талаа, Кеңеш айылдарындагы мектептер: балдар контейнерде окуп жатышкан;

— Кара-Суу районундагы Ак-Тирек мектеби: бул жерде дагы балдар лагерде окуп жүрүшкөн;

— Ноокат районундагы Жаш айылынын мектеби (275 орундуу);

— Өзгөн районундагы Коңкошев мектеби: окуучулар сегиз жеке менчик үйдө окуп келишкен. Ал жакта 375 орундуу мектептин курулушу бүткөрүлүп жатат;

— Өзгөн районундагы Кысык-Алма мектеби (200 орундуу);

— Кара-Буура районундагы Көк-Дөбө айылдык мектеби;

— Талас районундагы Нанаев мектеби; 450 орундуу чоң мектеп, быйыл бүткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM