Биз менен байланышыңыз

Жаңы ачыла турчу ооруканаларга жабдыктарды алуу үчүн 350 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 444 | 0

Күз-кыш мезгилине карата жаңы даярдалып жаткан ооруканаларга медициналык жабдыктарды алып берүү үчүн 349 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өлкө боюнча 11 оорукана даярдалат. Учурда Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында ооруканалар салынып жатат.

Калган 6 облуста колдонулбай турган имараттар оорукана катары даярдалат. Кошумча каражат бөлүнүп, дагы 2 оорукана күзгө карата бүткөрүлөт. Алар: Чолпон-Атада 60 орундуу оорукана жана мурда курулушу башталып аягына чыкпай калган Көк-Жаңгак шаарындагы 60 орундуу оорукана. Алар сентябрь айында ишке киргизилет.

Боронов имараттар салынып, ондолуп бүткөн убакка карата медициналык жабдыктарды камдап коюуну тапшырды. Ошондой эле ачыла турган ооруканаларга медициналык кызматкерлерди табуу боюнча тапшырмалар берилди.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM