Биз менен байланышыңыз

Темир Сариев “Ата Мекен — Жаңы дем” саясий альянсынан чыкты

Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 1488 | 0

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев «Ата Мекен — Жаңы дем» саясий альянсынан чыкты. Бул тууралуу альянстын мүчөсү Тилек Токтогазиев билдирди.

Азырынча Темир Сариевдин бул альянстан эмне себептен кеткени айтыла элек.

Кыргызстанда 5-июнда 6 саясий партия бириккендигин жарыялаган. Алар жаңы кыймылдын атын «Жаңы дем» деп аташкан.

Анда «Ата Мекен» партиясы, «Ак шумкар», «КЛДП», «Социал-демократиялык тобу», «Жаңы Дем» коомдук кыймылы, «Жашыл күчтөрдүн коалициясы» болуп биригүү тууралуу декларация кабыл алышкан.

«Жаңы дем» саясий альянсынын шайлоо алдындагы өнөктүгүн Жанар Акаев жетектемей болгон. Жанар Акаев парламентке өтө турчу фракцияга лидер болору айтылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 43 партия катталган. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентбярда башталат.

Copyright © 2017 Maral FM