Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда беткапсыз жүргөндөргө айып салынууда 

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 348 | 0

Түркмөнстанда бет капсыз жүргөн жарандар айыпка тартыла баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Ага ылайык, полиция беткапсыз адамдарды кармап, дароо Ички иштер бөлүмүнө алып барып, ал жерде аларга 17 доллар айып салынары айтылды.

Кармалгандар мындан ары көчөдө беткапсыз жүрбөй тургандыгы жөнүндө түшүнүк кат жазууга аргасыз болушат.

Беткапсыз автоунааларды айдап бара жаткан айдоочулар дагы полицияга жеткирет. Аларга кошумча 14 доллар айып салынат.

Расмий маалыматтарга караганда, Түркмөнстанда дагы эле коронавирус жок. Бирок өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана Медициналык өнөр жай министрлиги жарандарга «абадагы чаңдын көптүгүнөн» беткап кийип, социалдык аралыкты сактоону сунуш кылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM