Биз менен байланышыңыз

Хабаровскиде Сергей Фургалды колдогон акция башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Авг 2020 | 273 | 0

Орусиянын Хабаровск шаарында бүгүн, 1-августта камакка алынган экс-губернатор Сергей Фургалды колдоп кайрадан нааразычылык акциясы башталды. Бул тууралуу DW агенттиги жазды.

Облустук бийликтин имаратынын алдына чогулган эл «Мен, биз, Фургал», «20 жыл — ишеним жок», «Бул жерде биз — бийликпиз» деген ураандарды жазып, шаарды аралап, жүрүш башташкан.

Маалыматка ылайык, полиция болуп жаткан окуяларга кийлигишкен жок.

Бул Фургалды колдогон нааразычылык акциясынын 22-күнү. Акция Хабаровск шаарында нөшөрлөп жааган жаанга карабастан уланууда.

Сергей Фургал Хабаровск шаарында кармалып, 9-июлда Москвага жеткирилген. Тергөө аны эки ишкердин өлүмүн уюштурган, ошондой эле Хабаровск аймагында жана Амур облусунда 2004-2005-жылдары дагы бир ишкерди өлтүрүүгө аракет жасаган деп айыптаган.

Мындан сырткары, Сергей Фургалдын Хабаровск жана Приморск аймактарында, ошондой эле Амур облусунда жасалган дагы башка оор кылмыштарга катыштыгы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Хабаровск шаарында Фургалды колдогон нааразычылык акциялары 11-июлда башталган. Кийинчерээк бул акцияга Владивосток жана Комсомольск-Амурдун жашоочулары да кошулган.

20-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин «ишеним жоголгондугуна байланыштуу» Сергей Фургалды кызматынан бошоткон. Анын ордуна Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынан Мамлекеттик Думанын депутаты Михаил Дегтярев Хабаровск аймагынын губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок нааразычылык акциялары басылбай, облустун башчысынын милдетин аткаруучуну кызматтан кетишин талап кыла башташкан.

Copyright © 2017 Maral FM