Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 473 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчы Курман айт майрамы элдин биримдигин бекемдеп, кайрымдуулугун арттырган жана ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө чакырган майрам экенин айтат.

«Бул улуу майрамда айтылган тилектер, асыл максаттар кабыл болсун! Ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамилеси менен COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошуусу маанилүү. Кыйын кырдаалды биргелешкен аракеттин негизинде жеңерибизге ишенем. Ыйык Курман айт күнүндө өлкөбүзгө тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү, элибизге сабырдуулук, биримдик, бакубатчылык жана ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук каалайм!» — деп айтылат куттуктоодо.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM