Биз менен байланышыңыз

Курман айтка карата президенттерден куттуктоолор келүүдө

Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 728 | 0

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана президентин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Курман Айт майрамы менен Сизди улутумдун жана өзүмдүн атыман чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бүткүл дүйнө баштан өткөрүп жаткан бул кыйын мезгилде баарыбыздын башыбызды кошкон бул майрам мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, сизге Алла Тааладан ден соолук жана бакыт, дос жана бир тууган кыргыз элине тынчтык, бейпилдик, аманчылык жана бакубатчылык тилейм», — деп айтылат Эрдогандын куттуктоосунда.

Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа Бин Заед Аль Нахаян да кыргызстандыктарды Курман айты менен куттуктап, араб жана ислам элдерине жакшылык, өсүп-өнүгүү каалады.

Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Ганиден да Курман айт майрамына карата куттуктоо келди. Ал бул улуу күндө мусулмандардын кылган ибадаттары менен амалдары кабыл болуусун тилеп, биримдик менен кыйынчылыктардан чыгууга чакырды.

Ошондой эле, Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Аль Сиси, Ирандын лидери Хасан Рухани да кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM