Биз менен байланышыңыз

Муфтий: Курман айт — кайрымдуулуктун майрамы

Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 368 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Муфтий куттуу Курман айт майрамы Алла Таала тарабынан берилген жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун майрамы экенин айтты.

Ал бул күндөрү жетим-жесирлерге, улгайып калган ата-энелерге, колунда жок инсандарга, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардамдар кабыл болушун тиледи.

Ошондой эле ушул күндөрү коронавирус илдети менен алышып жаткан жарандарга шыпаа тилеп, кыйынчылыктын артынан жакшылык келерин айтты.

Ар бирибиздин, бул күндөрдө курмандык чалган момун мусулмандарыбыздын тилегин, дубасын кабыл кылып, ырыскыларын кең кылып, Жараткан Алла Таалам эселеп соопторун жаадырсын”, -деп айтылат куттуктоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM