Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында ооругандар көп

Кыска кабар | 30 Июл 2020 | 254 | 0

Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында ооруп жаткандардын көрсөткүчү жогору. Буга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдык жыйынында айтты.

«Учурда жаңы ооруканаларды куруу жана өлкө аймактарында колдонулбай турган имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ыңгайлаштыруу иштери жүрүүдө. Аларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу керек. Өз учурунда көрсөтүлгөн көмөктөн бейтаптын кийинки ал-абалы жана айыгып чыгышы көз-каранды. Мындан тышкары, Дары-дармек менен камсыздоо департаменти үзгүлтүксүз негизде ар-бир алыскы айылды дары менен камсыз кылышы керек. Тез жардам кызматы кайрылууларга өз учурунда көңүл бурусун», — деди Кубатбек Боронов.

Бишкек шаарында медициналык кадр ресурсун натыйжалуу пайдалануу жана оптималдаштыруу максатында айрым пункттардын иштөөсү каралууда. Зарылдык туулган учурда стационарлар өз ишин кайрадан баштоого даяр болушат. Түнкү стационарлар ишин улантат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM