Биз менен байланышыңыз

Боронов: Акыркы жумада оору басаңдады, бирок аймактарда абал оор

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 675 | 0

Кыргызстанда акыркы жуманын ичинде коронавирустук инфекциянын деңгээли басаңдап, туруктуу мүнөзгө өттү. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов маалымат жыйынында айтты.

«22-июлда коронавирус менен катталгандардын жалпы өлкө боюнча саны 1108 болсо, 24-июлда 901 учурга түштү. 26-июлда 689, 27-июлда 483 учур, 28-июлда 548 учур катталды. Ошентсе да азырынча баары оңолду деп айтканга эрте. Аймактардагы эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда», -деди Боронов.

Өкмөт башчынын маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунда, Ош шаары, Ысык-Көл облусундагы кырдаал оор бойдон сакталууда.

Ысык-Көл облусуна жайкы эс алууга баргандар кескин көбөйдү. Быйыл июнь айында облуска барган эс алуучулардын саны 3 миңдин тегереги болсо, июлдун 20 күнүндө эс алуучулардын саны 10 миңге жетти.

«Акыркы жумада Ысык-Көлгө барып эс алган ички туристтердин саны кескин өстү. Алардын кээ бири Ысык-Көлдүн аймагында жүрүп ооруп калып жатышат. Айрымдары Балыкчы шаарында текшерүүдөн өткөндө таза чыкканы менен вирустун инкубациялык мөөнөтү ошол жакта болуп, ооруп калып жатышат», -дейт Боронов.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 33 миң 844тү түзөт. Алардын 22 миң 296сы айыгып, 1329 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM