Биз менен байланышыңыз

Президент 30-июлду Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады

Кыска кабар | 28 Июл 2020 | 617 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялаган. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тарта көптөгөн мекендештер илдеттен каза тапты.

Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар аткарылып, анын ичинде бүткүл аймактарда, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт.

Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталды.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 33 миң 296га жетти. Илдеттен 21 миң 205 жаран айыгып, 1301 адам каза болду.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    28.07.2020 21:36

    Дуйнону каптаган ооруу биздин кичнекей элибизди, бийликти сыноодон откоруп жатат. Бул козго корунбогон душман коп жарандардын омурун алып кетти, биздин куралдуу кучторубуздун(саламаттыкты сактоо министиринин) ахвалын кордук. Башка министирликтердин даярдыгы деле ушундай.
    Мактай турган тармак жок. Кайда барсан»мамайдын кору».

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM