Биз менен байланышыңыз

Режиссёр: «Мекен» тасмасын кинотеатрларга чыгарууга уруксат берилбей жатат

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 2371 | 1

«Мекен» тасмасын кинотеатрлардан көрсөтүүгө уруксат берилбей жатат. Бул тууралуу тасманын режиссёру Медербек Жалилов «Маралга» кабарлады.

Анын айтымында, тасма жаңы жылдын алдында тартылып бүткөн. Бирок ушул күнгө чейин кинотеатрларга чыга элек. Тасма кино тартуу боюнча мыйзамдын негизинде тартылган.

«Демейде кино тартканда эч кандай комитет түзүлбөй эле прокатка чыгаруу боюнча дароо күбөлүк берет. Азыр болсо биринчи жолу ар кандай мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комитет түзүлүп, тасмабызды 3-4 жолу көрсөттүк. Ушул күнгө чейин комиссиянын мүчөсү келбей калды, же ооруп калды деп улам жылдырып келе жатышат. Болбосо буга чейин эч бир тасманын прокатка чыгуусуна мынчалык тоскоол болгон эмес. Ал жерде эч кимди түздөн-түз каралоо болгон жок, экстремисттик, порнографиялык көрүнүштөр, диний, улуттар аралык кастыкты козуткан жагдайлар жок. Ошого карабай тасманы прокатка чыгарууга уруксат берилбей жатат», -дейт режиссёр.

Медербек Жалиловдун айтымында, тасманы текшерген топтун курамына Улуттук коопсуздук боюнча малекеттик комитетинен, Ички иштер министрлигинен, Президенттин аппаратынын дин иштери боюнча бөлүмүнөн, Саламаттыкты сактоо министрлигинен, Маданият министрлигинен өкүлдөр кирген.

«Тасмадан кыйкым издеп, пара берген жерлерди кесип салгыла деп жатышат. Биз айтып жатабыз, биринчиден, бул — көркөм тасма. Экинчиден, биз ал тасманы кыскартып же кесип, же башынан тарткыдай мамлекет бизге бир тыйын берген эмес. Өзүбүздүн демөөрчүлөрдөн карызга алган акчага тартканбыз«, -деди Жалилов.

«Мекен» тасмасы ютубда бекер көрсөтүлүп, аны тартууга кеткен чыгымды демөөрчүлөргө кайтарып берүү үчүн элдин жардамы менен акча топтоо пландалды.

«Мекен» тасмасы табияттын керемет кооз койнунда үй-бүлөсү менен бейкут өмүр сүрүп жаткан Бектемирдин тынч жашоосун жогору жактагы тоолорду жардырып, кен каза баштаган ишкана бузат. Окуянын башында бул жагдайга кайдыгер караган Бектемир кийинчерээк кендин залакасы анын жеке үй-бүлөсүнө, мал-жандыгына тийгенде гана жоопкерчиликсиз иштеп жаткан ишканага каршы күрөшүн баштайт. Бектемирдин күрөшү — бара-бара жалпы элдин бүткүл коррупциялашкан системага каршы күрөшүнө айланат.

Тасманын продюсери — Бектемир Мамаюсупов. Режиссёру — Медербек Жалилов.

Тасма 31-июлда кечки  саат 20.00дө Solo media каналында көрсөтүлөт. 

1 пикир

1 пикир

  1. Жылдыз

    27.07.2020 20:58

    Ушундай Бут тосуулар качан бутот бизде? Онолбойбуз го. Кыргызстан деп журогу менен иштегендер барбы озу? Баары эле жеп жутарлар. Окунучтуу(

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM