Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда 483 жаңы учур катталып, 817 бейтап айыкты

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 673 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 диагнозу менен 483 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын ичинде:

— Бишкек шаары боюнча — 154 жаңы учур;
— Ош шаары– 59;
— Чүй облусу – 21;
—  Ош облусу — 39;
— Талас облусу – 27;
— Нарын облусу – 9;
— Ысык-Көл облусу – 72;
— Жалал-Абад облусу – 70;
Баткен облусу — 32 учур катталды.

Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 33 миң 296га жетти.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алып, 12си айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыкты.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында жалпы 2683 учур катталды, анын 1478и айыкты.

Учурда ооруканаларда 10 миң 801 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Анын ичинде тастыкталган коронавирус инфекциясы менен 4 миң 722 адам жана пневмониядан 6 миң 79 бейтап  дарыланууда.

Акыркы бир суткада 817 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Илдеттен айыккандардын жалпы саны 21 миң 205ке жетти.

 

Copyright © 2017 Maral FM