Биз менен байланышыңыз

БШК парламенттик шайлоого кете турчу чыгымды кантип үнөмдөдү?

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 650 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов «Марал» радиосунун түз эфиринде быйылкы парламенттик шайлоого кете турчу чыгым кандай жол менен оптималдаштырылганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, мурун жер-жерлерде шайлоо процессинин катышуучуларына, саясий партияларга окутуу-семинарлары өткөрүлүп келген. Быйыл бул иш-чара онлайн өткөнү үчүн чыгымдар кыскарды.

«Мисалы, шайлоо комиссияларынын жалпы 30 миңден ашуун мүчөсү бар. Андан тышкары, саясий партиялардын өкүлдөрү, жетекчилери, шайлоо маселелери, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бар. Алардын баарына жер-жерлерге барып семинарларды өткөрүп келгенбиз. Азыр аны онлайн режимде өткөргөн үчүн чыгымдар кыскарды«, -дейт Бекматов.

Мындан тышкары, шайлоо участкаларын техникалык жабдыктар менен камсыз кылуу да пандемиянын шартына жараша болгондугу үчүн чыгымдар үнөмдөлгөн. Ошондой эле ЖМКларга бериле турчу материалдар да мыйзамга ылайык кыскартылган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 732 миллион сом өлчөмүндө чыгым каралган. Бирок эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен парламенттик шайлоону уюштуруу жана шайлоо өткөрүүгө кетчү чыгымдар 446 млн 900 миң сом деп бекитилди.

Бекматов кошумчалагандай, эпидемиологиялык кырдаалга жараша коргонуу каражаттары менен камсыздоого 60 млн сомго жакын акча бөлүү пландалган. Бирок Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү, коңшу мамлекеттер тийиштүү жабдыктарды берип жатышат. Биринчи партиясы — шайлоочулардын идентификациялык тизмесин аныктоо үчүн жабдыктар алып келинди.

Copyright © 2017 Maral FM