Биз менен байланышыңыз

Онлайн кабыл алуу: Абитуриенттер документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 550 | 0

Пандемия мезгилинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги бул жараянды ишке ашырчу «Абитуриент Online» (https://2020.edu.gov.kg/)  автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыккан.

Онлайн кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тигил же бул окуу жайда билим ала турганын тастыкташы үчүн тиешелүү документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт. Документтердин түп нускаларын жогорку окуу жайга окуу жылдын башында гана берүү керек.

ЖОЖдор кошумча сынактарды талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн адистиктери) боюнча гана кирүү экзамендерди салттуу режимде өткөрүшөт.

Орусия жана Түркиянын мамлекеттеринин эсебинен бөлүнгөн гранттык орундарга «Манас» жана Кыргыз-Россия Славян университети абитуриенттерди кабыл алат. Кабыл алуу жараянын аталган окуу жайлар аныктайт.

ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун 1-турунда 30 миңден ашык талон түштү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM