Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун 1-турунда 30 миңден ашык талон түштү

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 406 | 0

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун I турунда «Абитуриент Онлайн» системасына (https://2020.edu.gov.kg/) 30 миң 173 талон келип түштү. Анын 12 миң 121и бюджеттик орундарга, 18 миң 052 талон келишимдик негизде билим алууга тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, системадагы 64 жогорку окуу жай тарабынан 17 миң 694 абитуриент кабыл алууга сунушталды. 10 миң 927 абитуриент тандаган окуу жай жана адистиги боюнча билим алуу ниетин тастыктады. Анын 2301и бюджеттик орундарда, 8626сы келишимдик негизде билим ала алат.

Онлайн кабыл алуунун ар бир турунда абитуриентте экиден талон болот. Анын бирин келишимдик негизде, экинчисин бюджеттик негизде билим алууга таштай алат.

ЖОЖдорго кабыл алуунун  II жана III турунун өтүү убактысы:

2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM