Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда сел жууган көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иш-чарасы жүргүзүлөт

Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 471 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, 6 көпүрөнү жууп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 26-июль күнү кечки саат 19:30 чамасында Орозбеков айыл өкмөтүндө катуу жааган жамгырдын кесепетинен Охна сел өтүүчү сайынан сел жүргөн. 

Жерине ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл аймак өкүлдөрү тартылган. Калыбына келтирүү иш-чаралары 27-июль күнү жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, 26-июль күнү саат 20:00 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 323-332-чакырымын, Катраң айыл аймагындагы Өзгөрүш айылындагы ички чарбалык унаа жолун кум шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Унаа жол жабылган эмес.

24-28-июль күндөрү өлкө аймактарында туруксуз аба ырайы болуп, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин ӨКМ эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM