Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, 6 көпүрөнү жууп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 26-июль күнү кечки саат 19:30 чамасында Орозбеков айыл өкмөтүндө катуу жааган жамгырдын кесепетинен Охна сел өтүүчү сайынан сел жүргөн.
Жерине ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл аймак өкүлдөрү тартылган. Калыбына келтирүү иш-чаралары 27-июль күнү жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, 26-июль күнү саат 20:00 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 323-332-чакырымын, Катраң айыл аймагындагы Өзгөрүш айылындагы ички чарбалык унаа жолун кум шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Унаа жол жабылган эмес.
24-28-июль күндөрү өлкө аймактарында туруксуз аба ырайы болуп, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин ӨКМ эскертет.