Балбак Түлөбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы буга чейинки ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев кызматынан бошотулду. Акылбек Осмоналиевдин башка ишке өткөндүгү кабарланды.
Балбак Түлөбаев 2018-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп иштеп келди.