Биз менен байланышыңыз

Укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 1757 | 1

Укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болгону кабарланды. Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу №47 абактагы ооруканада көз жумду.

Азимжан Аскаровдун ооруп жатканын буга чейин да адвокаты айтып келген. Андан акыркы убакта пневмониянын белгилери да байкалган.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңын уюштуруучулардын бири катары айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Жогорку сот 2019-жылдын 2-декабрында Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруу талабын адам укуктарын коргогон бир топ эл аралык уюм айтып келген. Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могериниге да  кайрылуу жолдонгон.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровду кыйноолордун курмандыгы деп таанып, соттун А.Аскаровдун кылмыш иши боюнча чыгарган бардык чечимдерин адилетсиз деп эсептеп, бошотууну сунуштаган. Бирок Кыргызстан бул сунуштарды аткарган эмес.

1 пикир

1 пикир

  1. Нурдин

    26.07.2020 04:10

    Укук коргоочу эмес кылмышкер деп жазылыш к.к. сот кылмышкер деп чечим чыгаргандан кийин. Азаттыка окшоп Европанын жугундусун ичкен эл бузарларга туурап жазыпчынар.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM