Биз менен байланышыңыз

Сот Эркин Сопоковду 300 миң сом айыппул төлөтүп, сот залынан бошотту

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 932 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын Стамбулдагы мурунку консулу Эркин Сопоковду 300 миң сом айыппул төлөтүп, сот залынан бошотту.

Соттун маалыматына караганда, Сопоковго 2600 эсептик көрсөткүчтүн көлөмүндө айыппул төлөө каралган. Аны топтогондо  300 миң сомго чыккан.

Эркин Сопоковго Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин үч эпизоду боюнча айып тагылган.

Ал эки жолу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин автоунааларын ижарага алган, эки жолу аларды мыйзамсыз сатып алган, ошондой эле Range Rover унааларынын бири Россияда издөөдө жүргөн.

Эркин Сопоков кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге автоунааны мыйзамсыз берген деп да шектелүүдө. Саймаити былтыр ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн.

2019-жылдын 28-ноябрында Эркин Сопоков УКМКга суракка чакырылган.

Сопоковдун ишмердүүлүгүн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде ал дипломатиялык номери менен «Рэндж Ровер» маркасындагы өздүк автоунаасын Айеркен Саймаитиге жана башка тараптарга мыйзамсыз бергени аныкталган.

«Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча Сопоковдун 200 миң доллар өлчөмүндө акча каражатына ээ болуп, 47,6 млн. сомго турак жай сатып алып, мыйзамсыз байыган фактысы да катталган.

Мындан тышкары, Сопоковдун жубайынын Стамбул шаарындагы чет өлкөлүк командировкасы үчүн төлөнгөн 30% акча каражаттарын мыйзамсыз алуу фактысы катталган. Анткени жубайы бул учурда Стамбул шаарында жашаган эмес.

2019-жылдын 22-ноябрында «Саймаити менен болгон сүйлөшүү жана анын Сопоков менен байланышы» тууралуу «Kloop» жана «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү материалдардын жарыяланышы боюнча «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылган. Тактап айтканда, 2019-жылдын 28-ноябрында Кыргызстандын Стамбул шаарынын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков УКМКга суракrа чакырылган.

Стамбулдагы мурунку консул Эркин Сопоков камакка алынды

Copyright © 2017 Maral FM