Connect with us

Боронов коронавирустун жаңы учурларын анализдөөнү тапшырды

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 653 | 0

Премьер-министр Кубатбек Боронов өпкөнүн сезгениши жана COVID-19 боюнча катталган жаңы учурларларга талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

Ооруп жаткандарды аныктоо үчүн уюштурулган үймө-үй кыдыруунун негизинде күндө талдоо жүргүзүлүшү керек. Мисалы, ооруп калган адам бүгүн жөтөлүп жатса, эртең дене табы көтөрүлөт, эки-үч күндөн кийин абалы оор болушу ыктымал. Демек, алдын ала анализ жүргүзүү шарт. Талдоо иштеринин негизинде алдыда күтүлө турган абал дагы айкын көрүнөт, — деди өкмөт башчы.

Ал тармактык мамлекеттик органдарга дары-дармекке байланыштуу маселени көзөмөлгө алуу боюнча талап койду.

Кыргызстанда 24-июлга карата COVID-19 илдетинен 42 бейтап каза болду. Өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 1211 бейтап көз жумду.

Акыркы суткада 921 киши вирус жуктуруп, жалпы учурлар 31 миң 247 адамга жетти. Алардын 18 миң 38и айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM