Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Беларусиядан Бороновдун учагы менен келген дарынын чоо-жайын түшүндүрдү

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 706 | 0

Бишкекке Беларусиянын Минск шаарынан премьер-министр Кубатбек Бороновдун учагы менен 5,4 тонна дары-дармек жеткирилген. Бул дары каражаттарынын чоо-жайы тууралуу «Марал» радиосунун угармандары, сайттын окурмандары маалымат сурап кайрылышкан.

Өкмөт аппаратынын маалымат кызматы билдиргендей, Беларусиядан алып келинген 5,4 тонна болгон дары-каражаттары кыргызстандык фармкомпанияларга тийиштүү. Өкмөт аны бекер жеткирип берүү жагынан колдогон. Аны таратуу же сатууда кандайдыр бир шарт койгон эмес.

Кубатбек Боронов 17-июлда Минск шаарына барган. Ал Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышкан.

Боронов Беларусиянын президенти Александр Лукашенко менен да жолугушуп, эки мамлекеттин кызматташуусу, соода-экономикалык алака, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы долбоорлорду талкуулашкан.

Ошондой эле атайын каттам менен коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн керектүү дары каражаттарынан турган жүк келгени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM