Биз менен байланышыңыз

Жеке секторду колдоого кошумча насыя алынат

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 664 | 0

Кыргызстан жеке секторду колдоону улантуу үчүн кошумча каржы тартуу аракети көрүлүп жатканын Каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул билдирди.

Дүйнөлүк банк эки долбоор алкагында, ошондой эле Азия банктын инфратүзүмдүк инвестицияларынын колдоосу менен жеке сектор үчүн 122,5 млн доллар узак мөөнөттүү насыя берет.

Дүйнөлүк банктын шарттары (72,5 млн доллар, алардын ичинен 36,25 млн доллар – грант жана 36,25 млн доллары – насыя).

Насыянын мөөнөтү 38 жыл, анын ичинен 6 жыл жеңилдетилген мезгилге 0,75 % берилет.

Азия банктын инфратүзүмдүк инвестицияларынын каржы шарттары (50 млн доллар – насыя): насыянын мөөнөтү 32 жыл, анын 5 жылы жеңилдетилген мезгилге 1%га берилет.

Мындан тышкары, агрардык өндүрүш, чакан жана орто бизнести каржылоого Европалык инвестициялык банкы август айынын башында 22 млн евро бөлөт. Насыянын мөөнөтү 12 жыл, анын ичинде 3 жыл жеңилдетилген мезгилге 1%га берилет.

Револьвердик фонддун алкагында каржы министрлиги фермердик чарбаларга колдоо көрсөтүү үчүн донорлор менен 36 млн долларга келишимдерди түздү.

Бүгүнкү күнү Банктын револьвердик фондунун алкагында 1,3 млрд сом суммасында аукцион өткөрүлүп, ага катышуу үчүн 4 коммерциялык банктын билдирмеси берилген.

Аукциондун жыйынтыгы боюнча банктар тарабынан 840 млн сомдук билдирмелер берилип, жактырылды.

Copyright © 2017 Maral FM