Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт Орусия, Кытайдан учак менен дары алып келиши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июл 2020 | 957 | 0

Учурда коронавирус, пневмонияга кандай дары керек экени белгилүү болуп калды. Андыктан өкмөт коркпой, жоопкерчиликти мойнуна алып, Орусия, Кытайга барып, мамлекеттин акчасына учак менен дары-дармектерди, медициналык жабдууларды алып келип, ооруканаларга таратышы зарыл.. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы багытта иш алып барууну каалаган ишкерлерге да шарт түзүү кажет.

Мындан тышкары, өкмөт Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишинде реформаларга барышы шарт. Анткени сырттан келген каражат жыл соңуна чейин гана жетет.

Эгерде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жылына 10 млрд сом бөлүнсө, медиктердин маянасы 1 миң доллардын тегерегинде болот.

Тийиштүү дары-дармектерди сатып алуу аркылуу коронавирус менен пневмонияны бекер дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

-Алсак, жарандар ай сайын 150 сомдон төлөсө, ММКФтин жылдык бюджети 10 млрд сомду түзмөк. Бүгүн бюджеттен болгону 460 млн сом бөлүп жатабыз, — дейт Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM