Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны бардык калктын санынын 0,5 пайызын түзөт. Ал эми илдеттин белгилери жок ооруп жаткандардын санын билүү үчүн учурда иммунно-ферменттик изилдөө жүргүзүлүп жатат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, изилдөөнү жеке лабораториялар жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгында так маалыматтар берилет.
«Учурда өлкөдө коронавирус жуктурган (пневмонияны эсепке алганда) учурлардын саны 31 миң 247ни түзөт. Бул бардык калктын 0,5%ын түзөт. Эл арасында оорунун белгилери байкалбай ооруп жаткан адамдар бар экени белгилүү. Канча ооруп чыкканын же ооруп жатканын аныктоо үчүн иммуно-ферменттик изилдөө жүргүзүлүп жатат. Аны өлкөдөгү жеке лабораториялар жүргүзүүдө», -деди Акматова.
Министрлик мындан тышкары, бардык аймактарда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери менен эл арасында иммунно-ферменттик анализ жүргүзүп, коронавируска каршы антителалар иштелип чыкканын билүү үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат.
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 31 миң 247 адамга жетти. Анын 18 миң 38и айыккан, 1211 каза тапты.