Биз менен байланышыңыз

Аида Исмаилова Орусиядан келген дарыгерлер менен жолугушту (сүрөт)

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 593 | 0

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Орусиядан келген медициналык адистер менен жолугушту. Бишкекке Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиологиялык илимий-изилдөө институтунун Федералдык бюджеттик илимдер мекемесинин клиника-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары, профессор Наталья Пшеничная, ошондой эле Башкортостандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы дарыгерлер тобу келишкен.

Өкмөттүн маалыматына караганда, орусиялык делегация Кыргызстанга 50 миң иликтөөгө керектелген ПЧР-тесттерди жана реагенттерди ала келишкен.

Дарыгерлердин тобунда реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар, алар аймактарга барышып коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат, ошондой эле аймактардагы дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрүшөт.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова орусия тараптын колдоо көрсөтүүсү эки өлкөнүн чыныгы достук жана бир туугандык мамилелеринин далили деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM