Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстан өлүмдүн саны боюнча биринчиликке чыктыбы? Өкмөттүн түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 1061 | 0

Кыргызстан коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча биринчи орунга чыкты деген маалымат тууралуу өкмөт түшүндүрмө берди.

The New York Times гезити Кыргызстанда коронавирустан болгон өлүм учурлары акыркы 7 күндө кескин өскөнүн, өлкө өлүм учурлары боюнча дүйнөдө биринчиге чыкканын жазган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан жакында, 17-июлдан бери тастыкталган коронавирус жана ооруканадан тышкаркы пневмониянын статистикаларын бириктирип эсептей баштаган.

Буга байланыштуу көрсөткүчтөрдө жогорулоо байкалды. Бирок 17-июлдан бери күнүмдүк катталган учурлар — ооругандар менен кайтыш болгондордун кескин жогорулаганын билдирбейт. Коронавирус менен пневмония бирдиктүү статистикага киргизилгенден бери 10 миң 995 учур автоматтык түрдө кошулду. Буга байланыштуу эл аралык эсептерде да бир аптанын ичинде оорунун андан андан каза болгондордун жаңы учурлары кошулду. Бир канча мамлекеттин өкмөттөрү ушундай кадамга барган үчүн статистикалары өстү”- деп айтылат маалыматта.

Саламаттыкты сактоо министрлиги The New York Times гезитинин коронавирустун учурлары жөнүндө жарыялаган глобалдык картасын карап чыккан. Анда келтирилген таблицада Кыргызстанда акыркы 7 күн ичинде катталган учурлардын көбөйүшү эске алынып, 1-орунга чыкканы көрсөтүлөт. Башкача айтканда, каза болгондордун санын эсептегенде 100 миң адамга 266 учур туура келет.

Маалыматтардын туура чагылдырылышы үчүн министрлик статистика жаңыртылгандан бир жумадан кийин ошол сайтты кайра кароону  сунуштайт.

Ошол эле учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун күнүмдүк отчету боюнча, Кыргызстан коронавирустан катталган өлүм учурлары боюнча 62-орунда.

https://www.worldometers.info/coronavirus/.

Саламаттыкты сактоо министрлиги амбулатордук шарттарда дарыланган жана дарыланып жаткандары эсепке алып жатат. Анын жыйынтыгында өлүм учурлары так эсептелери айтылды.

Бүгүн «24.kg» маалымат агенттиги «Кыргызстан дүйнө жүзүндө COVID-19 өлүм учурлары боюнча биринчи орунду ээледи» деген макала жарыялаган.

Өкмөт маалымат каражаттарын такталбаган маалыматтар аркылуу элди дүрбөлөңгө түшүрбөөгө чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM