Биз менен байланышыңыз

23-июлга карата 967 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 707 | 0

Кыргызстанда 23-июлга карата дагы жаран 967 коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын ичинен тастыкталган коронавирус инфекциясы — 238 учур, калган 729у ооруканадан тышкаркы пневмония. Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 30 миң 126га жетти.

Ошол эле учурда акыркы бир суткада коронавирустан 1031 киши айыгып, ооруканалардан чыгарылды. (Ковид — 346, пневмония — 685 адам). Илдеттен айыккандардын жалпы саны — 16 миң 791ди түздү.

-Бишкек шаарында – 365;
-Чүй облусунда – 78;
-Ош облусунда – 79;
-Талас облусунда – 65;
-Нарын облусунда – 36;
-Ысык-Көл облусунда – 149;
-Жалал-Абад облусунда – 109;
-Баткен облусунда – 334;
Ош шаарында 117 бейтап айыкты.

Учурда стационарларда пневмония менен 6500 адам дарыланып жатат, тастыкталган коронавирус инфекциясы менен 6701 бейтап дарыланууда.

Вирустан каза тапкандардын жалпы саны 1169ду түзөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM