Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга тышкы карызын төлөбөй турууга уруксат берилди

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 918 | 0

Кыргызстандын 2020-жылдагы тышкы карызын тейлөө боюнча төлөмдөрдү алдыдагы үч-төрт жылга калтыруу жөнүндө насыя берген өлкөлөр менен макулдашылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

2020-жылдын 15-апрелде «Чоң 20» өлкөлөрүнүн Борбордук банктары тарабынан жакыр өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн карызды тейлөөнү токтотуу демилгеси жактырылган.

Бул демилгенин алкагында Кыргызстан эки жактуу кредиторлордун дарегине тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө расмий кайрылуу жөнөттү.

Өкмөттүн маалыматында, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Франция, Германия, Дания Королдугу, Корея, Япония өлкөлөрү менен макулдашууга жетишилди.

Анын ичинде Кыргызстандын ири кредиторлорунун бири Кытай менен 2020-жылдын төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Учурда Кытайга тышкы карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу шарттары иштелип чыгууда.

Кыргыз өкмөтү пандемия учурунда донорлордон жалпы 300 млн. 112 миң 993 доллар жардам алды. 2020-жылдын башына карата Кыргызстандын тышкы карызы 4,6 млрд. доллар болчу.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь-май айларында мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 14 миллиард 258,3 миллион сом бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM