Биз менен байланышыңыз

23-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 459 | 0

23-июлда түнкүсүн жана күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36;

Талас дубанында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында ​түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+36 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM